Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сот Кудрет Тайчабаровду камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтүн узартып, 8-февралга чейин тергөө изоляторунда калтырды. Мындай чечимди райондук сот 2025-жылдын 30-декабрында чыгарганын адвокаты Памир Суранбаев билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Адам бул берене менен күнөөлүү деп табылса мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Тайчабаров ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Ал былтыр Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. Боршайком 6-ноябрдагы отурумунда “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Мунун алдында социалдык тармактарда анын 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Кудрет Тайчабаров БШКнын отурумунда сүрөттө чындап эле өзү экенин жана ал 2021-жылы тартылганын айткан. Ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы маселени чечүү үчүн Камчы Көлбаевден жардам сурап барганын жана бул “ишкерлердин кызыкчылыгы” үчүн болгонун билдирген.

Бир катар гезиттерде журналист болуп иштеген Тайчабаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген. Ал соңку маалда социалдык тармактарда бийликтин дарегине сын-пикирлерин да жазып калчу. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus