Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Жапаров мугалимдерин, дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирди

Президент Садыр Жапаров келерки жылдын апрель айынан тартып мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирди.
Ал 25-декабрда курултайда сүйлөп жатып, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы алардын айлыгы 50% көтөрүлөрүн билдиргенин, бирок өкмөттө кеңешип отуруп ушундай чечим кабыл алынганын айтты.
Жапаровдун маалымдашынча, азыр мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом болсо, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомго чамалайт. Шаар жергесинде жаңы келген мугалимдин маянасы 36 миң сомду түзүп, колуна 31 миң сом тиет.
Дарыгерлердин азыркы орточо айлыгы 31 миң сом, жогорулагандан кийин айлыгы 62,5 миң сом болуп, колуна 50 миңден ашык акча тиет. Президенттин айтымында, шаарда жаңы иштеген, тажрыйбасыз дарыгердин айлыгы 16 900 сом болсо, көтөрүлгөндөн кийин маянасы 42 миң сомду түзүп, колуна 35,5 миң алат.

Буга чейин өкмөт башчы Адылбек Касымалиев келерки жылдын апрелинен тартып өлкөдөгү дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлөрүн айткан. Ал эми 2026-жылдын сентябрында муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлердин да айлыгына 50% кошуларын билдирген. Бул үчүн 39 млрд сом келерки жылдын бюджетине кошулганын айткан.

Кыргызстандын мектептеринде 80 миңден ашык мугалим иштейт, дарыгерлердин саны 13 миңден ашса, медицина тармагында 33 миң адис эмгектенет.

Соңу жылдары Кыргызстандын мектептеринде мугалимдердин, аймактардагы медициналык жайларда дарыгерлердин жетишсиздигине байланыштуу маселе байма-бай көтөрүлүп келет. Облус же район борборлорунда медиктерди кармап калуу үчүн парламентте да, өкмөттө да аларды үй менен камсыздап, жакшы айлык төлөп берүү тууралуу маселелер көтөрүлүп келгени менен ал демилгелер толук ишке аша элек.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus