Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ИИМ: Шайлоо учурунда тартип бузууларга жол берилген жок

Ички иштер министрлиги 30-ноябрь – Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү мезгилинде коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталбаганын, өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу экенин билдирди. Мындай маалыматты ИИМ 1-декабрда таратты.

Шайлоодо коопсуздук сактоого жалпы 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Алар шайлоо тилкелеринин ичинде жана анын сыртында да камсыздап, мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп, шайлоо процессин бузууга багытталган аракеттерге бөгөт коюшту.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жараяны өттү.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган.

Добуш берүү күнүн жыйынтыктап жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров өнөктүк башталгандан бери шайлоо мыйзамдарынын бузулушу мүмкүн болгон фактылар тууралуу 269 билдирүү келип түшкөнүн билдирди.

Алардын ичинен үгүт шарттарын бузуу жөнүндө 124, талапкердин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу тууралуу 37, административдик ресурсту колдонуу боюнча 8, добуш сатып алуу ыктымалдыгы жөнүндө 46 жана башка маселелер боюнча 54 билдирүү.

Добуш берүү күнү 67 арыз-билдирүү келип түшкөнү маалым болду, алардын 28и үгүт шартын бузгандыгы тууралуу, 18и добуш сатып алуу аракети боюнча.

Президент Садыр Жапаров добуш бергени барганда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бийлик бул саясий жараянды таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин айтты. Бирок добуш сатып алуу аракеттери токтобой жатканын, аларга каршы күрөш жүрөрүн билдирди. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus