Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ысык-Көл облусу: №27, 28, 29 округдар боюнча добуштардын баштапкы эсеби

Ысык-Көл облусу үч округга карайт. №27 округдун борбору деп Чолпон-Ата шаары белгиленген, курамына Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу райондору кирет, №28 округдун борбору Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылы, бул жакка Каракол шаары, Жети-Өгүз жана Тоң райондору карайт. №29 округга Балыкчы шаары да кирген.

№27 округда үч орунга 24 талапкер ат салышты. Эң көп добуш алган эркек талапкерлерден алдыда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Түмөнбаев, талапкерлер Табылды Муратбеков жана Каныбек Султанов келе жатат. Ал эми аялдардан бул округда алдыга Гүлкан Молдобекова чыкты, ал 61 жашта, Жогорку Кеңештин VI жана VII чакырылыштарында депутат болгон.

№28 округда үч орунга 17 талапкер атаандаш болду. Эркек талапкерлерден, баштапкы эсеп боюнча, мурдагы депутат Эрулан Көкүлов, талапкер Болот Сагынбаев жана аял талапкерлерден 46 жаштагы ишкер, SKY Industrial Group ишканасынын жетекчиси, Кыргызстанда лифт чыгара турган алгачкы завод ачкан Рахат Жунушбаева алдыда.

№29 округда үч орунга 13 талапкер ат салышты. Эркек талапкерлерден алдыда парламенттин мурдагы вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев жана талапкер Адилет Белеков, аялдардан Гүлсүнкан Жунушалиева.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси, мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет жакта, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтын баары баштапкы эсепке негизделген. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus