Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош: Тешик-Таш базарынын айланасындагы үйлөрдү бузуу иштери токтотулду

Ош шаарындагы Тешик-Таш базарынын айланасындагы үйлөрдү бузуу иштери президенттин тапшырмасына ылайык токтотулду. Бул тууралуу 28-ноябрда Ош мэриясы кабарлады.

25-ноябрда базардын жанында жайгашкан Алымбек Датка 484 дарегиндеги үй бузула баштаган.

Мэрдин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу жеринде жашоочулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Турак жайдын бузулган чатырын мэрия оңдоп берет.

Мэрия бул үйлөрдү бузууга тиешеси жок экенин, аны турак жайлар жайгашкан жерге ээлик кылган Нуркул Шырдаков аттуу жаран буздурганын, жер 1999-жылы Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын токтому менен Шырдаковго жеке менчикке берилгенин маалымдады.

“Быйыл Ош шаардык прокуратурасы текшерүү иштери жүргүзүп, жыйынтыгы менен Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча Ош аймактар аралык башкармалыгы мэриянын ошол жылдагы токтомун жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган. Ош облустук сотунун административдик соту мэриянын 1999-жылдагы жеке менчикке берүү токтомун жокко чыгаруу чечимин чыгарган. Бирок Шырдаков бул чечимге макул болбогондуктан бүгүнкү күндө иш экинчи инстанцияда каралууда”, - деп айтылды Ош мэриясынын маалыматында.

Үйү бузулуп жаткандар тартылган тасма социалдык тармакка жарыяланып, коомдо чоң талкуу жараткан. Талаштуу жердеги 32 үйдүн ээлери маселени чечип берүү үчүн бийликке кайрылып келет. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus