Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шайлоо-2025: "жымжырттык күнү" үгүт өнөктүгү токтоду 

Бүгүн 29-ноябрда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү токтоп, “жымжырттык күнү” өтүүдө.

Мыйзамга ылайык, шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШКда аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга “жымжырттык күнү” үгүт жүргүзүүгө жол берилбейт.

Бүгүн шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү жүргүзүлөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, “жымжырттык күнү” мыйзам бузууларды алдын алуу максатында 10 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо мыйзам бузду деген негизде алты талапкерди жарыштан четтеткен.

Мындан тышкары 30 талапкердин өзүнө жана өкүлдөрүнө эскертүү берилди. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын жана үгүт жоболорун бузганы үчүн 503 миң сомдук айып пул салынды.

БШКнын маалыматында караганда, 467 талапкер катталган болсо, анын 461и шайлоого катышат.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus