Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан суу-энергетикалык кызматташтыкты макулдашты

Казакстан жана Өзбекстан күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга электр энергиясын берүүгө даяр экенин билдиришти.

Энергетика министрлигинин маалыматында, бул Кыргызстанга кышында электр энергиясын аз өндүрүп, Токтогул суу сактагычында сууну топтоого мүмкүндүк берет. Топтолгон суу вегетациялык мезгилде Казакстан менен Өзбекстанга жеткирилет.

Тараптар мындай макулдашууга 22-ноябрда Алматы шаарында үч өлкөнүн суу-энергетикалык мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында жетишти. Жыйын Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженовдун төрагалыгы астында өткөн.

"Токтогул суу сактагычындагы оор жагдайды эске алуу менен, катышуучулар бири-бирин өз ара электр энергиясы менен камсыздоо жана кышкы жылуулук мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, алдыдагы вегетациялык мезгилге даярдык көрүү үчүн аракеттерди биргелешип координациялоо тууралуу чечим кабыл алышты. Тараптар чөлкөмдө керектөөнү азайтуу жана энергияны үнөмдөө боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу тууралуу да макулдашты", - деп билдирди Энергетика министрлиги.

Жолугушууга Кыргызстандан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча министрдин орун басары Алмаз Жээналиев барган.

Казакстандан суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов, Өзбекстандан энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен суу чарба министри Шавкат Хамраев катышкан.

Жыйын соңунда 2026-жылдын вегетациялык мезгили үчүн кышкы электр энергиясын жеткирүү көлөмдөрүн жана сууну топтоо милдеттемелерин мыйзамдык түрдө бекиткен үч тараптуу протоколго кол коюлган.

Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө энергетикалык таңкыстык болбой турганын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган. Ал Кыргызстан кышкысын электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон сатып алып, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатканын белгилеген. Министр ортодогу айырманы Кыргызстан улуттук электр тармагы ишканасы төлөй турганын айтып, элди жарыкты үнөмдөөгө чакырган.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан электр жарыгын колдонууга чектөөлөр коюлду. (ST)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus