Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Адахан Мадумаров суракта болуп чыкканы кабарланды

Оппозиционер саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 22-ноябрда суракта болду. Ал сурактан чакканы тууралуу гана кыска маалымат Телеграм каналына жарыяланды, кайсы мекемеде болгону айтылган жок.
Мадумаровду жана анын жакындарын күч кызматкерлери алып кеткенден бери каерде экени белгисиз болуп жатканы айтылган.
Саясатчынын Телеграм каналында ушул эле күнү болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнү, сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынганы тууралуу маалымат чыккан.

"Тинтүү процесси саат 12:00дө аяктап, Адахан Мадумаровду укук коргоо кызматкерлери белгисиз тарапка алып кетишкен. Ушул эле күнү, болжол менен саат 15:00дө, укук коргоо органдары Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаровду жана анын жубайын да белгисиз тарапка алып кетишкен. Азыркы учурда Мадумаров жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кайда экени жана алардын укуктук макамы боюнча расмий маалымат берилген жок", - деп жазылган маалыматта.
22-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек Атамбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын карындашы Алия Шагиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 48 саат ичинде Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы аныкталат.
Шагиеванын айтымында, апасы Раиса Атамбаеваны кое беришти, аны таңкы саат алтыларда үйүнө кирип барып, суракка алып кетишкен.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин атасы Медетбек Султанбеков айтты.
Султанбековдун үйүндө тинтүү жүргөнүн, өзү ИИМге жеткирилгенин эртең менен аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.
"Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык башаламандык аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык башаламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазовду тергөө 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу маалымат Атазовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
"Кошумча маалыматты жактоочусунан алынган соң дагы кабарлайбыз", - деп жазылды анда.
Бул күнү эртең менен Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги маалыматты ырастап, тинтүү иштери аяктаганын, кошумча маалымат берилерин билдирген.
22-ноябрда үйүндө тинтүү жүргөнүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложников да айтып чыгышкан.
22-ноябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясы мекемесинин башчысы Сыймык Жапыкеев да жеткирилгенин маалымат каражаттары жазышкан.
Тийиштүү мамлекеттик органдар бүгүнкү тинтүү, кармоо тууралуу билдирүүлөр боюнча расмий маалымат же комментарий бере элек. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus