Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ислам шериктештиги оюндары: балбандар Абдумалик, Мээрим, Айпери алтын тагынды

20-ноябрда Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмакта күрөшүп, алтын медал тагынды.

Мунун алдында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда өзбекстандык Светлана Окназарованы 11:0 эсебинде жеңген. Финалга чейин Жуманазарова тайпалык беттештерде Бангладештин жана Азербайжандын балбандарын уткан.

Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова ушуну менен Ислам шериктештиги оюндарында экинчи жолу жеңишке жетишти. Экөө тең 2022-жылы Түркиянын Конья шаарында өткөн мелдеште да алтын медал алышкан.

Бул күнү кыргызстандык дагы бир эркин күрөш балбаны Абдумалик Карачов да алтын медал утту. Ал 57 кг чейинки салмакта финалда азербайжандык балбанды жеңди.

Эркин күрөштөн күч сынашкан Билол Шарип уулу болсо бахрейндик спортчуну жетип, коло медал тагынды.

Ошентип, Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын балбандары жалпысынан төрт алтын жана үч коло медал тагынды.

18-ноябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта алтын медал, Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов коло медал алышкан.

7–21-ноябрда VI Ислам шериктештиги оюндары Эр-Рияд шаарында өтөт. Ислам кызматташтык уюмуна караштуу Ислам оюндары федерациясына (ISSA) мүчө болгон 57 өлкөдөн келген 3500 атлет спорттун 24 түрү боюнча ат салышууда. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus