Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстандагы алгачкы АЭС "Балхаш" деп аталат

Казакстандагы биринчи атом электр станциясына аталыш берүү боюнча eGov Mobile платформасында 25-сентябрдан 10-октябрга чейин өткөн жалпы элдик сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу маалымат 17-ноябрда Казакстандын Атом энергиясы боюнча агенттигинин сайтында жарыяланды.

5-сентябрда жарандык коом өкүлдөрүнөн, креативдүү индустрия адистеринен, атом энергетикасы, филология жана тарых боюнча эксперттерден турган комиссия түзүлгөн.

Жалпы сынакка 16 жаштан жогору 27 миңден ашуун жаран катышкан. Бир адам бир гана аталыш сунуштай алган. Натыйжада өлкөдөгү алгачкы АЭСтин аталышына байланыштуу 10 460 сунуш түшкөн.

Комиссия эң көп сунушталган 100 аталышты карап чыгып, алардын арасынан эң популярдуусу "Балхаш" атом электр станциясы деп тапты.

Агенттик бул аталыш эл аралык тажрыйбага толук шайкеш келерин белгиледи.

Быйыл февралда өкмөт алгачкы АЭС Алматы облусунун Жамбыл районунда Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкен айылынын жанында курула турганын расмий бекиткен. 14-июнда өкмөт алгачкы атомдук электр станцияны Орусия куруп берерин маалымдаган.

Бир катар экологдор Казакстанда АЭС курууга каршы. Алардын айтымында АЭС Балхаш көлүнүн экологиясына зыян келтириши мүмкүн. Ал эми коомдук активисттер жана саясат талдоочулар Орусиянын бул долбоорго катышуусу Казакстанды энергетикалык жана саясий көз карандылыкка жеткириши мүмкүн деп тынчсызданышат.

Расмий Астана болсо АЭС боюнча чечимде эч бир мамлекеттин саясий кызыкчылыгы жок экенин коомго жарыялаган.

Казак бийлиги АЭС куруу боюнча чечимди былтыр кабыл алган. Мунун алдында өлкөдө референдум өткөн.

Байкоочулар референдум учурунда мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.

Борбордук шайлоо жана референдум комиссиясынын расмий жыйынтыгында добуш берген жарандардын 71% Казакстанда АЭС курууну колдогон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus