Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, жол чырактар утур-утур өчүүдө

Бишкекте электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, борбордогу жол чырактар утур-утур өчүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирип, “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы жол чырактарды калыбына келтирүү иштерин ыкчам жасап жатканын кабарлады.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, электр жарыгын колдонууга чектөөлөр коюлду.

Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелип, “Акылдуу эсептегичтерде” эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

6-ноябрда электр энергиясын сарамжал пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт.

13-ноябрдан тарта Бишкек, Ош баштаган шаарлардагы кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары текшерилип, алардын иши 22:00дөн кийин токтотулуп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 13-ноябрда элге кайрылуусунда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын айтып, саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин билдирип, жергиликтүү бийлик иштебей жатканын айткан. Атайын кызматтын жетекчиси президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп коюуга чакырган.

“Тынчтык жөнүндө” мыйзамда жумуш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 9:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга жол берилбей турганы жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын автору Дастан Бекешев мыйзамда кайсы бир жайларды жаап салуу тууралуу берене жок экенин, болгону добушка байланыштуу норма каралганын айтты. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus