Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

COP30: Бразилияда түпкүлүктүү калктын өкүлдөрү нааразылык уюштурду

11-ноябрда Бразилиянын Белем шаарында глобалдык климат саммити өтүп жаткан жерге түпкүлүктүү калктын ондогон өкүлү кирип барууга аракет кылды. Алар менен кагылышууда коопсуздук кызматкерлеринен экөө жараат алды. Нааразылык билдиргендер климаттын өзгөрүүсү боюнча чечкиндүү чара көрүүнү жана токойлорду коргоону талап кылышты.

Имараттын алдына жалпы 100дөй киши топтолгон. Глобалдык жыйын өтүп жаткан Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва бул саммитте түпкүлүктүү калкты негизги өнөктөш катары белгилеген.

"Алгачкы жолу тарыхта климат конференциясы Амазониянын как жүрөгүндө өтүп жатат. Дүйнөлүк аң сезимде экологияны коргоо деген Амазон тропикалык токойлорун коргоо дегенге барабар",-деген эле Лула.

Амазонка дарыясынын бассейнинде аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң чытырман, тропикалык токойлор жайгашкан. Андан чыккан кычкылтек Латын Америкасын гана эмес, бүтүндөй планетаны дем алдырат. Соңку жылдары адамдын таасиринен улам бул токойлордун аянты кыскарып, 20% жөн гана жок болуп кеткенин окумуштуулар белгилешет.

Быйыл Белем шаарына чогулган лидерлер, илимпоздор, эксперттер, экоактивисттер менен бейөкмөт уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү он күн бою климаттын өзгөрүүсү дүйнөну канадй кооптуу кырдаалга кептей турганын, алардын алдын алуу жолдорун талкуулап жатышат.

Саммитке Кыргызстандын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп барды. Ал "Азаттыкка" курган маегинде глобалдык климаттык саясатта Кыргызстан тоо экосистемасын коргоону алдыга сүрөй турганын белгиледи.

Аталышы айтып тургандай эле бул форматтагы жыйындар (Conference of the Parties - Тараптардын конференциясы) 30 жыл мурун уюштурула баштаган. Алгачкы жыйын Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus