Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ташкентте ЕККУ уюштурган Борбор Азия медиа конференциясы башталды

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) уюштурган Борбор Азия медиа конференциясы башталды.

Аймактагы журналисттер, маалыматтык чөйрөдөгү адистер катышкан иш-чарада маалымат каражаттарынын абалы, сөз эркиндиги туш болгон көйгөйлөр, тармактагы учурдагы тенденциялар жана чакырыктар талкууланып жатат. Бул жолку конференция “Маалымат жеткен жана туруктуу коом үчүн маалымат каражаттарынын ишмердигин камсыздоо” деген темада өтүүдө.

Иш-чарага катышкан ЕККУнун медианын эркиндиги боюнча атайын өкүлү Ян Брату дүйнөдө маалымат каражаттары туш болгон чакырыктар, иликтөөчү журналисттер тушуккан басымдарга токтолду.

“Борбор Азияда, кеңири мааниде ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагында маалымат каражаттарынын эркиндигине байланышкан маселелер көп түрдүү мүнөзгө ээ. Биз медианын эркиндигине коркунуч жараткан татаал кырдаалга туш болуудабыз. Алардын арасында дезинформацияны курал катаруу колдонуу, журналисттерге физикалык жана онлайн чабуулдар, айрыкча коомдук кызыкчылыкты көздөгөн сезимтал маселелерди иликтеген аял журналисттерге чабуулдар, сын камтылган репортаждарга басым кылуу үчүн укуктук нормаларды кыянаттык менен пайдаланууну кошсок болот. Мындай коркунучтарга журналистикага коомдук ишенимдин азайышы, көз карандысыз медиалар ылайыкташкан бизнес-моделдин талкаланышы да кошумча болууда. Бул маселелердин баары медианын эркиндигине ар кандай таасирин тийгизүүдө, бирок алардын баары бири-бири менен байланышкан”, - деди Ян Брату.

Медиа адистер Борбор Азиядагы сөз эркиндигине чектөө, көз карандысыз, бейтарап журналистиканы өнүктүрүү боюнча ойлорун ортого салышууда. Ошондой эле коомдук кызыкчылыкты көздөгөн журналистика жасалма интеллект баштаган технологиянын өнүгүү шартында кандай өзгөрүүлөргө даяр болушу керектиги талданууда.

ЕККУ 25-жолу уюштуруп жаткан конференцияга Кыргызстандан 15ден ашык журналист, медиа эксперт жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып жатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus