Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Kloop медиа экстремисттик деп тапкан чечимге каршы арызданарын билдирди

Kloop медиа басылманы экстремисттик деп тапкан сот чечимине каршы кийинки инстанцияга арыз берерин билдирди.

“Клооптун” Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө соттун чечимин алар социалдык тармактардан билишкени жазылган жана медианын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин портал ишин улантарын айткан.

“Бул Кыргызстандын тарыхындагы ЖМКлар экстремисттик деп табылган алгачкы учур. Эми бул басылмалардын материалдарына жакты белгисин басууга жана комментарий калтырууга, бөлүшүүгө болбойт — бул кадамдар экстремисттик уюмду колдоо жана экстремисттик материалдарды жайылтуу деп таанылышы мүмкүн”, - деп жазылган.

Октябрь райондук соту 27-октябрда Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Ошондой эле бул проекттердин ишмердигине катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды.

Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

Temirov Live жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорун иликтөөчү журналист Болот Темиров негиздеген. Ал өзү “Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган, документи жараксыз” деген соттун чечими менен 2022-жылы Орусияга мажбурлап чыгарылган. Болот Темиров өзү жетектеген медиаларга Кыргызстандагы коррупция боюнча иликтөөлөрдү байма-бай жарыялап келет.

Ал эми анын жубайы, медианын директору Махабат Тажыбек кызы жана бул медиа менен кызматташкан 11 журналист, активисттер 2024-жылы январь айында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кийин жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган. Алардын арасынан алты жылга кесилген журналист Махабат Тажыбек кызы ушул тапта абакта жатат.

Болот Темиров өзү жана кесиптештерине жасалып жаткан аракеттерди бийликтин куугунтугу катары санап, коррупциялык иштерди ашкере кылганы үчүн дал ушундай катаал мамилеге туш болгонун айтып келет. Бир нече эл аралык жана медиа уюмдар кыргыз бийлигинин Temirov Live жана “Айт Айт Десе” долбоорлоруна мамилесин айыптап келет.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. “Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин ушул тапта чет өлкөдө жашайт.

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести. Андан тышкары басылманын эки эсепчисин да беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган.

Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus