Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Маңзатка байланыштуу айыпталган ишкер Афтандил Сабырбековго сот чечими чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 10-октябрдагы чечимине ылайык, ишкер Афтандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл, 6 айга эркинен ажыратылды. Бирок тергөө маалында камактагы мөөнөтү эсепке алынып, жазасы толук өтөлдү деп таанылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) жана 284-беренеси (“Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо”) боюнча кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу акталды.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэл Сабырбеков дагы 282- жана 284-беренеси боюнча акталып, 354-беренеси (“Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ишине тоскоолдук кылуу”) менен эки жылга эркинен ажыратылып, камактагы убактысы эсепке алынгандыктан жазасы өтөлдү деп эсептелди.

Ошондой эле Сабырбековдор менен кошо кармалган үч адамга дагы сот өкүмү чыкты.

Т.Н.Э. айыпталган 282 жана 284-беренеси боюнча күнөөсүз деп табылып, акталды. М.Д.В. 282-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылды жана мүлкү конфискацияланды.

Т.С.В. 282 жана 284-беренеси боюнча акталды. 280-беренесинин (“Бейбаштык”) 2-бөлүгүнүн 1- жана 3-пункттары боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыштын жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жоопкерчиликтен бошотулду.

2024-жылы 9-июлда Афтандил Сабырбеков баңгизат ишине байланыштуу кармалган. Кийин анын агасы Тариэл Сабырбеков жана бир нече киши кармалганы кабарланган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.

2024-жылы 4-июнда Афтандил Сабырбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен президенттин карындашы Лаззат Нургожоеванын колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган видеолорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Коомчулукта бул ашыкча чыгым экени айтылып, сынга кабылган.

Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу 26-июнда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бул окуяга байланыштуу элден кечирим сураган. Садыр Жапаров буга чейин ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырган. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus