Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Володин "кара тизмедеги" 770 миң мигрант Орусиядан чыгарыларын билдирди

Дүйшөмбүдө Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин өлкөнүн аймагынан 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин билдирди. Бул тууралуу Мамдуманын расмий сайтында жарыяланды.

Володин бир ай мурун көзөмөл реестринде турган чет элдик жарандарга мыйзамдашууга берилген мөөнөт аяктаганын билдирип, ага үлгүрбөгөн жарандар өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

“Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 1-сентябрга карата көзөмөл реестрине 770 миң эмгек мигранты киргизилген. Анын үчтөн бир бөлүгү аялдар жана балдар. Эми алар өлкөдөн депортацияланат", - деди Володин.

Володин 2025-жылдын сегиз айында миграциялык мыйзамдарды бузган 35 миңге жакын чет элдик жаран өлкөдөн чыгарыларын кошумчалады.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат.

Орусия мигранттарга “кара тизмеден” чыгууга берген кошумча убакыт 10-сентябрда аяктаган. Маалыматка караганда, жалпы 80 миңдей кыргызстандык "кара тизмеге" кирип, алардын 14 600дөйү гана берилген мөөнөттө документтерин мыйзамдаштырган. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus