Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

БШК талапкерлерге элден акча чогултуусу боюнча эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) талапкерлерге, саясий партияларга жана алардын өкүлдөрүнө шайлоо фондун түзүү, каражат чогултуу боюнча билдирүү таратты.

Мекеме БШК расмий аныктабаган мобилдик тиркемелер аркылуу каражат чогултуу жөнүндө жарыялар - саясий партиянын, талапкердин шайлоо фондуна ыктыярдуу акча берүү тартибин бузууга жатарын белгиледи. БШК кайсы талапкерлер ушундай жол менен каражат жыйнап жатканын ачыктаган жок.

Боршайком жарандардын талапкер же саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн каржылоосуна эч кандай чектөө жоктугун белгилеп, анын жол-жобосун түшүндүрдү.

БШК көрсөткөн шайлоо мыйзамындагы бир нече беренелерге ылайык, талапкер же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу. Шайлоо фонду талапкердин же саясий партиянын өз каражатынан, жарандардын, ишканалардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан түзүлөт.

Банктык же мобилдик тиркемелердин тизмеги көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 3-октябрындагы №92 токтомуна ылайык, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "Айыл Банк" банктарын аныктаган.

Шайлоо фондоруна кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат. Фондго чогулган каражаттар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылат.

БШК бул ченемдерди бузбоого, чогулган каржаттардын ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга чакырды. Эрежелер бузулган учурда мыйзам жоопкерчилиги бар экенин эскертет. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus