Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ташиев Салык кызматынын экс-төрагасынын 55 млн долларлык мүлкү аныкталганын айтты

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев учурда абакта жаткан Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын билдирди. Ал 9-июлда Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты.

"Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык үй-мүлкү, байлыгы такталды. Мына, Салык кызматынын жетекчиси болгон. Силер болсо "бир тыйын албайбыз" деп айтып жатасыңар. Абдувапов Салык кзыматында 10 жылдан ашык убакыт иштейт. Башка бизнес кылбайт. Башка жеке жактарда иштебейт. Бирок кантип 55 миллион долларды жыйнап жатат? Мына кызматкерлер айтып жатат, "айына 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин пара берип турчубуз" деп айтып жатат. Бул Салык кызматындагы коррупциянын деңгээли. Биз анын баарын толугу менен конфискациялайбыз. Сот жообуна тартабыз. Алтынбек мындан кийин эң жакыр адамдардын бири болот. Эми мурдагыдай болбойт. Мурдагыдай болуп мамлекеттик кызматта иштеп, байып, андан кийин сотко, дагы башкага кичине берип коюп, кайры чыгып алып "жип" минип, ойноп-күлүп жүрбөйт", - деген Ташиев.

Бл билдирүү тууралуу Абдуваповдун жакындары комментарий бере элек.

Былтыр жыл аягында Салык кызматынын ошол маалда төрагасы болуп турган Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычев коррупцияга шек саналып камалган. УКМК алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануудагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген. Атайын кызмат башкы салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешесин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.
Мындан көп өтпөй Ташиев мындай схеманын айынан казынага 30 миллиард сомдой салык төлөнбөй калганын кабарлаган.

Абдувапов менен Кыдыргычовдун адвокаттары менен жакындары үн каткан эмес.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus