Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ТИМ АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн эскертүүсүз кыскартканын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн кыскартканына байланыштуу комментарий берди. Анда мындай чечим расмий Бишкекке алдын ала маалымат берилбестен кабыл алынганын кабарлады. Буга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу болорун, анда чектөөлөрдү жумшартуу чаралары талкууланарын маалымдады.

"АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык. ушул жумадан тартып кыргыз жарандарына АКШга кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөр киргизилди. Мындай чаралар америка тараптан бир жактуу негизде жана кыргыз тарапка алдын ала билдирилбестен кабыл алынган. Бул жагдай Кыргызстандын тынчсыздануусун жаратып, дипломатиялык диалог алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылат. Ушуга байланыштуу жакында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугат. Анда чектөөлөрдү киргизүү себептери, аларды жумшартуунун ыкмалары жана келечекте мындай жагдайлардын алдын алуу чаралары талкууланат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.

B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.
Өткөн айда АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.

Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу кыргыз элчиси Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Министрлик АКШда соңку жылдары кыргызстандык жарандар виза режимин, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалар менен кирген соң талаптарды аткарбай койгондор көбөйгөнүн белгилеп, мекендештерди мыйзамды так сактоого чакырган.

Былтыр B-1/B-2 визаларын сураган кыргызстандыктардын арыздарынын 39,14% четке кагылган. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент былтыр жарыялаган отчетто белгиленген. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө бул көрсөткүч мындан жогору болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus