Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Москвадагы азери диаспорасынын жетекчиси Орусиядан депортацияланды

"Москва облусундагы азербайжандардын аймактык улуттук-маданий автономиясы" коомдук уюмунун жетекчиси Эльшан Ибрагимов Орусиядан Азербайжанга депортацияланды. Ал 4-июлда орус жарандыгынан ажыратылган. РБК басылмасы ал Баку шаарына жөнөтүлгөнүн кабарлады. "Известия" Ибрагимовдун аэропорттогу видеосун жарыялады. Ал: "Депортация тууралуу чечим күтүүсүз болдубу?" деген суроого: "Аз-маз капа болдум", - деп кайтарган.

Ибрагимов 30 жылдай Орусияда жашаган. 2018-жылдан бери азери диаспорасын жетектеп келген. 2018-жылдагы шайлоодо Москва облусунун азыркы губернатору Андрей Воробьёвдун ишенимдүү өкүлү, Улуттук-маданий биримдиктер боюнча консультативдик кеңештин мүчөсү болгон. Ибрагимов жарандыктан ажыратылганы тууралуу маалымат тарагандан кийин Москва облусунун Коомдук палатасы анын аты-жөнүн кеңештин курамынан өчүрүп салган.

РБК басылмасы аны жарандыктан чыгаруу тууралуу чечим 18-июнда "Орусия Федерациясынын улуттук коопсуздугуна коркунуч түзгөн аракеттерди жасаган" деген негизде алынганын өз булактарына таянып жазган. Ибрагимов жергиликтүү басылмага жарандыгы алынганын бышыктап, бирок себебин бир нече күндөн кийин Азербайжанга кайтып барган соң айтып берерин билдирген.

Азербайжан менен Орусиянын алакасы 27-июнда Екатеринбургда 50дөй азери тектүү адам кармалгандан кийин курчуган. Анда эки адам каза тапкан. Экөө оор жараат алган.

Бул окуяга жооп катары Баку өлкөдөгү орусиялыктарды кармай баштады. 1-июлда "Sputnik Азербайжан" агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, жети адам кармалган. Ошондой эле Орусиядан келген сегиз IT-адиси "уюшкан кылмыштуу топ түзүп, киберкылмыш жана Ирандан маңзат аткезчилиги менен алектенген" деп айыпталууда. Сотко алар бети-башы көгала болуп жеткирилген.
Эки өлкөнүн дипломатиялык тиреши уланып, Москва менен Баку бири-бирине нааразылык нотасын тапшырган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus