Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Такыр-Төр көлүнөн жаралган коркунучтан улам Ысык-Ата районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүндөгү абалга байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу максатында 28-июнь күнү акимдин №211 тескемесинин негизинде райондун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Такыр-Төр көлү 27-июнь түштөн кийин жырылып, андан агып чыккан кыян суу Алмалуу, Тоолуу Серафимовка, Төмөнкү Серафимовка айылдарын аралап өтүп, Алмалуу айылында 1 көпүрөнү агызып, жол жабылган. Мындан сырткары Бишкек–Кой-Таш–Ысык-Ата унаа жолун, дачаларды, көпүрөлөрдү, жана карылар-үйүнүн дарбазасын суу каптап кетүү коркунучун жараткан.

Буга байланыштуу аймактагы Алмалуу, Төмөнкү Серафимовка жана Кебек бий айылдарынан жалпысынан 950 тургун коопсуз жерлерге чыгарылган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев соцтармактагы баракчасындагы билдирүүсүндө бул айылдарга электр жарыгы берилгенин, учурда кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечке жуук аткаминерлер менен чогуу тик учак менен чыгып, Такыр-Төр көлүндөгү кырдаалды көрүп кайткан. Ал коркунучту жоюу боюнча тапшырмаларды берген.

Алмалуу жана Тоолуу Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабылып, атайын посттор уюштурулду.

28-июнда окуя болгон жерде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ (5 кызматкер), райондук бөлүмдөн 24 кызматкер, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, №43 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, райондук Жарандык коргонуу кызматынан 22 кызматкер, ИИМден 28 кызматкер, 7 атайын техника, айыл аймактан 19 кызматкер, 2 экскаватор, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жалпы 114 адам, 14 техника тартылды.

Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда экени белгилүү. Тоодогу кооптуу көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus