Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Хаменеини “жакшылыкты билбеди” деп күнөөлөдү

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеинин “Иран Израил менен согушта жеңишке жетти” дегенин сынга алды. Бул тууралуу ал Thuth Social түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында жазып, Иранга каршы санкцияларды жумшартуу идеясынан кайтканын кошумчалады.

Трамп Хаменеинин кайрылуусунда айтылган сөздөрүн “уятсыздык жана акылсыздык” катары мүнөздөп, жалганга чыгарды.

“Анын өлкөсү кыйрап калды, үч өзөктүк объекти жок кылынды”, – деди Трамп 13-24-июнда Израил менен АКШ Ирандын өзөктүн объектилерине урган соккуларын чечмелеп. Андан соң Трамп ал аятолланын өмүрүн сактап калганын белгиледи.

“Мен ал кайсы жерде жашырынып жатканын жакшы билчүмүн жана Израилге же болбосо дүйнөдөгү эң мыкты жана күчтүү деп саналган АКШнын Куралдуу күчтөрүнө анын өмүрүнө кол салууга уруксат берген жокмун. Мен аны өтө жаман жана маскара өлүмдөн куткарып калдым”, – деген Трамп Хаменеини “жакшылыкты билбеди” деп күнөөлөдү.

Дональд Трамп мурдараак журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “эгер Тегеран уранды кооптуу максаттар үчүн байытууну кайрадан баштаса анда токтоосуз түрдө кайрадан Иранды бомбалоого буйрук берерин” айткан.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 26-июндагы видео кайрылуусунда өз өлкөсү Израил менен соңку жаңжалда “жеңишке” жеткенин жарыялаган. Ал ошондой эле Тегеран АКШны да Иранга каршы агрессиядан баш тартууга мажбур кылганын айтып, аны жеңиш катары мүнөздөгөн.

Хаменеи Кошмо Штаттардын Ирандын өзөктүк жайларын бутага алган чабуулдары тууралуу сөз кылып, “америкалыктар маанилүү эч нерсе кыла алган жок” деп белгиледи жана АКШ келтирилген зыяндын көлөмүн “көбүртүп-жабыртып” жатканын кошумчалаган.

АКШнын расмий жетекчилери 22-июндагы операцияда Ирандын өзөктүк жайларына олуттуу зыян келгенин билдирип келишет. Президент Дональд Трамп АКШнын бомбалоолорунун кесепетин сүрөттөө үчүн “жер менен жексен болду деген термин туура келерин” айткан.

13-июнда Израил чабуул баштаганда Ислам жумуриятынын өзөктүк программасын бутага алганын билдирген. Иран ага жооп кайтарып, Израилдин аймагына ракеталарды жаадырган. Эки тараптан тең жоготуулар бар. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 627 киши каза таап, 5000дей адам жараланганын айтса, Израил 28 киши мерт болгонун билдирген.

21-июнда АКШ жаңжалга түздөн-түз аралашып, Ирандын үч өзөктүк ишканасын бомбалагандан эки күн өткөндө Катардагы америкалык база соккуларга кабылган. Ошондон кийин Вашингтон жана Доханын арачылыгы менен Иран менен Израил ок атышпоо келишимине келишкен. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus