Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Чүй облусунда сот опузалап пара алууга шектелип кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б. жана анын Б.К. аттуу таанышы опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, министрликтин Тергөө кызматына С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Аламүдүн райондук сотунун кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучу арызында сот жана анын таанышы андан иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылышканын белгилеген.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда Аламүдүн райондук сотунда арыздануучуга Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча козголгон кылмыш иши каралып жатканы аныкталган.
Сот процессинин жүрүшүндө соттолуучу С.А. төрагалык кылуучу Ж.Ш.Б. аттуу судьяга сот процессин жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Ж.Ш.Б. сунушка макул болуп, 30 000 сом өлчөмүндө акча сураган. Судья ошондой эле ишти оң жагына чечүү үчүн соттолуучудан 1000 АКШ долларын талап кылган. Жогорудагы талап кылынган акча каражаты сотко жеткирип берүү үчүн соттун Б.К. аттууу таанышына берилген.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Б.К. аттуу жарандын үйүнөн судьяга (Ж.Ш.Б.) арналган, атайын белгиленген акчалар табылган. Б.К. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 1-бөлүгү/343-беренеси (Пара талап кылууга шериктештик) боюнча айып тагылды.
Соттор кеңеши Ж.Ш.Б. аттуу судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген соң ал да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшкөн, анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткен. Башкы прокуратура 11 судьяга кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

2024-жылы бир катар судьялар пара алууга, коррупцияга шек саналып кармалган.(ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus