Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Кытай менен соода келишимине кол коюлганын жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай менен соода келишимине кол коюлганын 26-июнда Ак үйдө салыктык жеңилдиктер жана бюджет тууралуу мыйзамга арналган иш-чарада билдирди.

"Биз Кытай менен кечээ гана келишимге кол койдук. Бизде мыкты келишимдер мерчемделүүдө. Индия менен да келишим болушу мүмкүн. Өтө чоң. Биз Индияны ачабыз [АКШнын бизнеси үчүн]. Кытай менен келишимде биз Кытайды ачабыз [АКШдагы өндүрүүчүлөр үчүн]", — деди Трамп.

Ал келишим тууралуу кеңири маалымат берген жок, бирок Кошмо Штаттардын соода министри Говард Лютниктин айтымында, документте быйыл майда Женевадагы сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашуулар бекитилген.

Негизинен анда Кытай АКШга сейрек металлдарды жеткирүүгө милдеттеме алган.

"Алар бизге сейрек элементтерди жеткирет. Бул ишке ашканда биз өзүбүздүн жооп чараларды алабыз", — деди Лютник Bloomberg агенттигине.

Маалыматка караганда, келишимге эки күн мурда кол коюлган. Министр Ак үй жакынкы мезгилде дагы он ири өнөктөш менен соода келишимин түзүүнү пландаштырып жатканын кошумчалады.

Кытайдын Коммерция министрлиги Бээжин көзөмолдөнгөн товарлардын экспортуна арыздарды кабыл алууга көндү. Буга жооп катары Вашингтон азыркы чектөөлөрдү жарым-жартылай алат.

Ак үйдүн өкүлү АКШ менен Кытай Женева келишимин ишке ашыруунун шарттарын макулдашканын айтты. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жана Вашингтондогу элчилиги азырынча комментарий бере элек.

Трамптын администрациясы быйыл апрелде баштаган соода согушу өз ара төлөмдөрдүн рекорддук өсүшүнө алып келди: АКШ тараптан 145%, Кытай тараптан 125% чейин.

Июндун ортосунда Трамп Бээжин менен келишимге жетишилгенин жарыялап, Кытай Америкага магнит жана сейрек минералдарды жеткирерин, буга жооп катары Вашингтон кытайлык студенттерге өз университеттеринде окууга уруксат берерин билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus