Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейси Москвадагы миссиясын аяктады

АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейси дипломатиялык миссиясын аяктап, Москвадан кетип жатканын Кошмо Штаттардын элчилиги билдирди.

«Элчи Трейсинин ырааттуу дипломатиялык ишмердиги, орус маданиятын терең сыйлагандыгы жана өз өлкөсүнө чын ыкласынан кылган кызматы үчүн алкыш айтабыз. Элчинин кыйын кезеңде диалог жүргүзүүгө берилип аракеттенгени чыныгы дипломатиялык лидерликтин үлгүсү», - деп айтылат билдирүүдө. Трейси коштошуу кайрылуусунда элчиликтин кызматкерлери эки өлкөнүн мамилесин жакшыртуу жана Орусиянын эли менен алака-катышты сактоо үчүн ишти улантат деген үмүттө экенин жазды.

«Мен өз өлкөсүн сүйгөн жана жаркын келечек үчүн талбай эмгектенген орусиялыктар менен жолугукканда шыктанып турдум», - деп жазды ал.

Элчи кайрылуусун Александр Пушкиндин «Чаадаевге» деген ырынан төрт сап менен аяктады.

61 жаштагы Линн Трейси 2023-жылдын январь айында Жон Салливанды алмаштырып, АКШнын Москвадагы элчилигин жетектей баштаган. Ал бул жооптуу кызматты аркалаган алгачкы аял болду. Буга чейин Трейси Арменияда элчи, 2014–2017-жылдары Москвадагы АКШ элчисинин орун басары болгон. 2017–2018-жылдары АКШнын Мамлекеттик департаментинде Орусия боюнча улук кеңешчинин кызматын аркалаган. Ошондой эле Казакстанда, Пакистанда жана Түркмөнстандагы элчиликтерде эмгектенген.

Ал АКШнын мамлекеттик катчысынын каармандык үчүн жана өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн атайын сыйлыктарына татыган.

Москвада элчи болуп турганда орус оппозициясына колдоосун билдирип, абакта табышмактуу жагдайда каза тапкан Алексей Навальныйдын сөөгү коюлган Москвадагы көрустөнгө барып, гүлчамбар койгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus