Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Арменияда бийликти басып алууга шектелген ондон ашуун адам кармалды

Арменияда өкмөткө каршы былтыркы ири жүрүштөрдү жетектеген архиепископ Баграт Галстанян жана анын кеминде 14 тарапкери кармалды. Укук коргоо органдары аларды бийликти басып алуу үчүн “террордук актыларды” даярдаган деп айыптап жатат.

Армениянын Тергөө комитети билдиргендей, Галстанян өз кыймылынын мүчөлөрү менен биргеликте былтыр ноябрь айында өкмөттү күч менен кулатууга камылга көрө баштаган. Расмий маалыматта Галстанян башында турган бул топ бул максатын ишке ашыруу үчүн белгисиз “жайкын тургундарды” өлтүрүүнү, күч колдонууну жана өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын ишин атайылап аксатып коюну көздөшкөнү жазылган.

Армян тартип коргоо органдары Галстаняндын өз тарапташтары менен сүйлөшүүсү деген аудиону да жарыялады. Анда көчөлөрдү тосуу үчүн ондогон адамдардын тобун түзүү, электр жарыгын өчүрүү жана интернет байланышын үзгүлтүккө учуратуу жана бул ыкмалар менен калың элдин өкмөттү кулатууга үндөө сыяктуу пландар жөнүндө сөз болгон.

Тергөө кызматынын 25-июндагы бул билдирүүсүнүн алдында Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы Галстаняндын, анын эки жакын жардамчысынын жана башка оппозициячыл активисттердин үйүн тинткен.

Галстаняндын адвокаты Сергей Харутиуниан коопсуздук кызматкерлери архиепископтун үйүнөн эч кандай курал же далил таппаганын айтып, тинтүү иштерин “пиар” деп сыпаттаган.

Армян премьер-министри Никол Пашинян күч түзүмдөрү өлкөдө төңкөрүш аракетин алдын алганын билдирди. Оппозиция соңку кармоо жана рейддерди саясий куугунтук деп мүнөздөп жатат.

Армян апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясын жетектеген Баграт Галстанян былтыр май жана июнь айларында өкмөткө каршы ири митингдерди өткөргөн. Ага армян оппозициясынын басымдуу бөлүгү колдоо көрсөткөн.

Митингчилер премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып, аны Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койду деп айыпташкан. Пашинян мындай айыптоолорду четке каккан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus