Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пентагон АКШнын Ирандагы соккулары “ийгиликтүү” болгонун билдирди

Кошмо Штаттардын коргоо министри Пит Хегсет Американын Ирандагы өзөктүк жайларды бутага алган аба соккуларын “тарыхый жактан ийгиликтүү чабуул” деп сыпаттады. Ал бейшембиде Пентагондо журналисттерге маалымат берип, АКШ Ирандын өзөктүк дараметин “талкалаганын” белгиледи.

Пентагондун башчысы Американын соңку соккулары Ирандын өзөктүк программасын жок кыла албаганы тууралуу маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларды четке кагып, бул жаңылыктарга негиз берди деген чалгын кызматтарынын “баштапкы” бүтүмү толук эмес экенин кошумчалады.

“Чечкиндүү аскердик аракеттин натыйжасында Ирандын өзөктүк кудуретин талкалоо жана жер менен жексен кылуу аркылуу президент Трамп согушту токтотуучу шарттарды жарата алды”, - деди Хегсет.

Пентагондун мындай билдирүүсүнөн бир аз мурда Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өз элине телекайрылуу жолдоп, расмий Тегеран Израил менен соңку жаңжалда “жеңишке” жеткенин айткан. Ошондой эле ал Кошмо Штаттардын Ирандын өзөктүк жайларын бутага алган чабуулдары тууралуу сөз кылып, “америкалыктар маанилүү эч нерсе кыла алган жок” деп белгилеген жана АКШ келтирилген зыяндын көлөмүн “көбүртүп-жабыртып” жатканын кошумчалаган.

Хаменеинин билдирүүсүнө Израил жооп бере элек. Бирок буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да Иран менен жаңжалда өз өлкөсү “тарыхый жеңишке” жеткенин жарыялаган.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан сокку урган. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Ирандын бийлиги Израилдин соккуларынан 600дөн ашуун адам каза болгонун билдирүүдө. Тегерандын аба чабуулдары 20дан ашуун израилдиктин өмүрүн алды.

22-июнда АКШнын аскердик учактары Ирандагы үч өзөктүк жайга бомба таштаган. Андан бир нече күн өтпөй Израил менен Иран ок атышууну токтотууга макул болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus