Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Токмоктун мурдагы мэри баш болгон төрт адам эки айга камалды

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча адис (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысы (К.Т.Э.) 24-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 25-июнда чыгарды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлууда.

Шектүүлөр 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Аларга “Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган” деген кине тагылды.

Расмий маалыматка ылайык, Токмоктогу спорт мектебин жана сейил бакты оңдоп-түзөө иштери боюнча тендердин жеңүүчүсү болуп “Аль-Кадыр-Сантехсервис” компаниясы аныкталып, мамлекеттик сатып алуунун жалпы суммасы 61 миллион сомдон ашкан.

Иш 2024-жылдын башында башталып, жумуштар ушул күнгө чейин аягына чыккан эмес.

Спорт мектебинин имаратын оңдоого тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду түзсө, ал эми сейил бакты көрктөндүрүү 44 млн 283 миң сом болгон. Тергөөдө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулганы аныкталган.

Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматына 2023-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus