Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Иранга жасаган жаңы чабуулдары тууралуу кабарлады

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын билдирип, Израил армиясына соккуларды улантуу буйругун бергенин айтты. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды.

"Мен Израил армиясына Ирандын ок атышууну токтотуу келишимин бузганына жооп катары Тегерандын режимине күчтүү соккуларды жасоо буйругун бердим", - деп билдирди Кац.

Кац өз билдирүүсүндө Иранды келишимди бузуп, Израилге ракета менен чабуул жасаганын айыптады.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин жазган.

Ирандын мамлекеттик телеканалы 24-июндун таңында Израил менен аскердик жаңжалда ок атышууну токтотуу режими башталганын билдирген. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармактагы баракчасына Ирандын армиясынын аскердик операциялары жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттө токтотулганын билдирген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын айткан.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Израилдин чабуулу башталгандан бери өлкөдө 500гө жакын адам каза болуп, 3 миңден ашуун киши жараат алды. "Ирандын адам укуктарын коргоочулары" уюму каза тапкандардын саны расмий маалыматтан эки эсе көп болушу мүмкүн экенин билдирди.

Ал эми Израилдин расмийлери Ирандын соккуларынын 24 адам каза болгонун, 800дөйү жараат алганын бир нече күн мурда кабарлаган. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus