Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Юруслан Тойчубеков тергөө абагынан чыкканы белгилүү болду

MCN coin криптоактивинин ишине байланыштуу камакка алынган Юруслан Тойчубеков 16-майда эч жакка чыкпоо тил каты менен тергөө абагынан бошотулганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков ушул жылдын февраль айында камакка алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып тагылган.

Юруслан Тойчубеков 2015-жылы Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигин жетектеп турганда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн сом салык түшпөй калган деп айыпталган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага өлкө ичинде, андан кийин эл аралык издөө жарыялаган.

Тойчубеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, 2022-жылы ага козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негиз менен кыскартылган.

Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналып буга чейин эки адам камалган. Уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.

Ал “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айтып, элден кечирим сураган. Исрадин Субанбековдун сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда тапкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилгенин билдирген. Маалыматка караганда, MCN coin'ге байланыштууу 2024-жылы 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN coin Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердиги мыйзамсыз экенин эскерткен.

Кыргызстанда бул криптоактивди жарнамалоо күчөгөн. Аны уюштургандар ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар “тез эле миллионер болот” деп убада кылып келген. Ага коомчулукка аты белгилүү адамдар да тартылган. MCN coin'ду жарнама кылган айрым видеолордон Юруслан Тойчубековду да көрүүгө болот. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus