Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте карызы бар 6 миңдей абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

“Бишкек электр тармактары” ишканасы электр энергиясына карызы бар 6200 абоненттин жарыгын 24-июндан тартып өчүрө турганын эскертти. Бул тууралуу маалымат 23-июнда мекеменин социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланды.

Мекеме мурдатан бери колдонуучучуларга ушундай эскертүүлөрдү берип келет.

Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте электр энергиясын колдонуучулардын көп бөлүгүнө автоматташтырылган маалымат-эсептөөчү көзөмөл системасынын (Автоматизированная информационно-измерительная система контроля и учета электроэнергии – АИИС КУЭ) эсептегичтери коюлган. Ал жабдуулар карызы бар абоненттердин жарыгын аралыктан өчүрүп коюуга мүмкүндүк берет.

Мекеме билдиргендей, жарык карыздын өлчөмүнө карап эмес, өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт. Эгер абоненттер карызын төлөсө аларга электр жарыгы ошол замат автоматтык түрдө берилет.

Абоненттер компаниянын сайты аркылуу өз эсебиндеги карыздын көлөмүн көрүп тура алат. Жарандар ошондой эле өз бересесин 105, 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номерлерине чалып, же 0556 001209 WhatsApp номери аркылуу байланышып сурап-биле алышат.

Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары “Мой свет”, “Quickpay”, “Pay24”, “UMAI”, “KICB”, “Megacom”, “О!”, “Оңой” төлөм терминалдарында, “О!”, “MegaPay”, “UMAI”, “Элсом” электрондук капчыктарында, “РСК Банк”, “Керемет Банк”, “Дос Кредо Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызстан”, “Халык Банк”, “КICВ Банка”, “Оптима Банк” мекемелеринин, “Кыргызпочтасы” ишканасынын кассаларында да кабыл алынат.

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus