Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран АКШнын соккусунан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды

АКШ өзөктүк объекттерине чабуул койгондон кийин Иран Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Саид Иравани бул боюнча уюмга кат жолдогонун социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Ал Иран АКШнын мындай “негизсиз жана алдын ала пландалган агрессиялык аракеттерин” катуу айыптай турганын кошумчалаган.

“Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн, Иран Ислам Республикасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин милдеттерине ылайык, АКШнын бул ачык жана мыйзамсыз агрессиясын дароо карап чыгуу, аны катуу айыптоо жана бардык зарыл чараларды көрүү үчүн чукул жыйын өткөрүүнү талап кылат", - деп жазды Иравани.

Ирандын Өзөктүк энергия боюнча агенттиги АКШнын соккусунан кийин уран байытууну токтотуу ниети жоктугун билдирди.

Reuters агенттиги белгилегендей, Ирандын өзөктүк агенттиги өлкө “өзүнүн өнөр жай өнүгүүсүн” башкача айтканда, өзөктүк инфраструктурасын токтотууга жол бербей турганын жазган.

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аба күчтөрү Ирандагы ири үч өзөктүк объектиге сокку уруп, ал жайларды "толугу менен жок кылганын" 22-июндун таңында билдирди.

Ал “дагы көптөгөн бутага алынчу жер калганын” белгилеп, “эми Иран тынчтык келишимине келиши керектигин” билдирди. Кийинки чабуулдар мындан да катуу болушу ыктымал экенин айткан.

“Фарда” радиосу Ирандын парламентиндеги Кум аймагынын депутаты Мухаммад Манан Раисинин “Фордо өзөктүк объектиси олуттуу зыян тарткан жок, зыянга учураган негизги бөлүгү жер үстүндө болгон жана аны калыбына келтирүүгө болот” деп айтканын жазды.

Reuters агенттиги АКШнын соккуларынан кийин Иран Израилдин борбордук аймактарына ракетадан чабуул койгонун кабарлады.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus