Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Европалык дипломаттар Иран менен сүйлөшүү "оң маанайда" өткөнүн билдирди

Женевада Евробиримдиктин, Британиянын, Франциянын жана Германиянын башкы дипломаттары Ирандын тышкы иштер министри менен бул өлкөдөгү соңку кырдаалды талкуулады. Бул ирандык дипломат Аббас Аракчинин Израил менен атышуу башталгандан бери башка өлкөнүн өкүлдөрү менен болгон алгачкы жолугушуусу экенин Би-Би-Си жазды.

Жыйында катышуучулар Иранды АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Тегеран буга чейин атышуу токтомоюнча сүйлөшүүлөр уланбай турганын билдирген.

Жолугушуудан соң Аббас Аракчи журналисттерге кайрылуусунда анын өлкөсү “израилдик агрессия токтогондо гана дипломатияга кайта турганын” билдиргенин Euronews жазды. Министр Иран азырынча талкууларды Женеванын аянтчасында улантууга гана даяр экенин тактады.

Европалык дипломаттар сүйлөшүүнү оң маанайда деп баалап, Тегеранды өзөктүк программа боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрүн “Израил менен атышуулардын токтошун күтпөй эле” улантууга чакырышты.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмминин айтымында, Европа өлкөлөрү "Иран өзөктүк куралга ээ боло албайт" деген позициясын так билдиришти. Ал эми Тегеран расмий деңгээлде көп жылдан бери аскердик өзөктүк программасы бар экенин четке кагып келет.

Би-Би-Си Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Калласка шилтеме берип, Женевада тараптар “өзөктүк жана башка маселелер боюнча байланыштарды улантууну макулдашканын” жазды. Башка кошумча маалымат берилген жок.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus