Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өкмөт радиактивдүү калдык жайларды рекультивациялоого каражат караштырып жатат

Министрлер кабинети уран калдыктары сакталган жайларды рекультувациялоо үчүн каражат караштырып жатканы Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин 17-июндагы жыйынында белгилүү болду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагын жөнгө салуу департаментинин директору Таалайбек Далбаев жалпы беш аймакта 43 радиактивдүү калдыктар сакталган жайлар бар экенин тактады.

“Кажы-Сай, Миң-Куш жана Шекавтар аймактарындагы жайлар дээрлик рекультивацияланып бүттү. Эми Ак-Түз менен Орловка калды. Азыр Ак-Түздөгү 2-4-калдык сактоочу жайлар кооптуу. Эртең Евробиримдиктин долбоору боюнча өкүлдөр келип, баалайт. Ошонун негизинде каражат тартуу иштерин жүргүзөбүз. Үч калдык сактоочу жай геологиянын балансына өткөн, ал жерде кайра иштетүү иштери жүрөт. Азыр 4-калдык сактоочу жайды шашылыш түрдө рекультивация жүргүзүү керек”, - деди Далбаев.

Депутат Мирлан Самыйкожо долбоорго каражат таап, аны ишке ашырганга чейин кандайдыр бир кооптуу жагдай жаралып кетпейби деп тынчсызданды. Далбаев Ак-Түздөгү кооптуу делген 4-калдык сактоочу жай “Георезерв” деген компаниясынын карамагында болуп, былтыр соттун чечими менен Министрлер кабинетинин эсебине өткөнүн түшүндүрдү. Бул жайда быйыл жазында коркунуч жаралып, утурмдук оңдоо иштери жүргөнүн билдирди.

Уран калдыктары сакталган жайларды толук рекультивациялоо боюнча так мөөнөт каралбаганын тактады.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus