Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Ирандын мамлекеттик телеканалынын имаратына сокку урду, каза болгондор бар

Израил 16-июнь күнү кечинде Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын имаратына абадан сокку урду. Бул тууралуу "Фарда" радиосу жазды.

Маалыматка караганда, башкы телеканал Тегеран убактысы боюнча саат 18:34тө түз эфирдеги берүү учурунда чабуулга кабылды. Интернетте тараган видеолордон студиянын үстүнкү бөлүгү урап түшкөнүн көрүүгө болот.

Маалымат каражаттары чабуулдун натыйжасында мамлекеттик телерадиокомпаниянын бир нече кызматкери набыт болгонун жазды.

Израил бул чабуул боюнча расмий комментарий бере элек.

Израил армиясы 16-июнда Тегерандын үч районунда жайгашкан "Иран режиминин аскердик инфраструктурасына чабуул жасаларын" эскерткен билдирүү тараткан. Бул аймакта 300 миңдей киши жашайт жана ал жерде Ирандын мамлекеттик телерадиоберүү агенттиги, чалгындоо бөлүмүнүн штабы жана жогорку даражалуу аткаминерлердин үйлөрү жайгашкан.

Соңку күндөрү Израилдин аба чабуулдарынан улам Ирандын баш калаасында дүрбөлөң башталып, Тегерандан чыгып бараткан эл көчөлөрдө тыгынды пайда кылды. Шаардын бензин куюучу жайларында узун кезек жаралып, аны сатууга чектөөлөр киргизилгени кабарланды.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун билдирди. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus