Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Уран байытуу эмне үчүн кооптуу?

Сиз бир шаарды электр энергиясы менен камсыз кылган технология өзөктүк бомба жасоо үчүн да колдонулушу мүмкүн экенин билесизби?

Уран байытуу – табигый урандын курамындагы уран-235 изотобунун үлүшүн көбөйтүү процесси. Мындай жол менен байытылган уран өзөктүк реакторлорго отун болот. Өзөктүк курал жасоо үчүн андан да жогору деңгээлде байытуу керек.

Табигый урандын курамында болгону 0.7% гана уран-235 болот, ал эми калган бөлүгү негизинен уран-238ден турат. Уран-235 – өзөктүк реакцияга кире ала турган жалгыз табигый изотоп болгондуктан, ал энергетикалык жана аскердик максаттарда колдонулат.

Андыктан уранды байытуу деңгээли абдан маанилүү.

Өзөктүк реакторлорду иштетүү үчүн уран-235ти азыраак өлчөмдө, 3-5% гана байытышат. Илимий изилдөөгө керектүү реакторлор 20% чейин байытылган уранды колдонушу мүмкүн.

Өзөктүк курал жасоо үчүн уранды жок эле дегенде 90% чейин байытуу керек. Кайсы бир өлкөнүн бул деңгээлге жакындаган сайын дүйнөлүк коомчулуктун кооптонуусу күчөйт.

Ирандын өзөктүк программасы мына ушундан улам көңүл чордонунда болуп келди. Тегеран өзүнүн программасы энергетика жана медициналык изилдөөлөргө керек экенин бир канча жолу билдирген.

Бирок адистер байытуу жогорку деңгээлге жетсе, ошол эле технология өзөктүк курал жасоо үчүн да колдонулушу мүмкүн дешет.

Соңку жылдары Иран уранды 60% чейин байыта баштаган. Бул өзөктүк курал жасоого жакындаган кадам. Мындан улам Иран каалаган күнү аны жасашы мүмкүн деген тынчсыздануулар күчөдү.

Ушу тапта дүйнөдө ядролук куралы жок өлкөлөрдүн ичинен уранды 60% деңгээлде Иран гана байытып жатат. Өлкө 2021-жылдын апрелинде Натанз өзөктүк жайына болгон чабуулдан кийин уранды байытуу деңгээлин 20дан 60% көтөргөн. Анда Иран өзөктүк жайга каршы кутумду Израилден көргөн.

Ушул айдын башында Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) Башкаруу кеңеши Иран өзөктүк келишим боюнча милдеттемелерин так аткарбай жатканын жарыялап, атайын резолюция кабыл алган.

Анда декларациядан өтпөгөн өзөктүк материалдар жана иш-аракеттер жаатында Ирандын толук кызматташпай жатканы айтылган.

Иран өз кезегинде бул резолюцияны сынга алып, уран байытуучу жаңы ишканаларды ачуу жана кубаттуулукту дагы күчөтөрүн билдирген.

Макала англис тилинен которулду.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus