Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Талибдер 40 жашка чыга элек кыз-келиндерге Термезге барууга тыюу салды

Ооганстанда бийлик жүргүзгөн "Талибан" радикал кыймылы 40 жашка чыга элек кыз-келиндерге Өзбекстан менен чектеш Термез шаарына барууга тыюу салды. Термез Сурхандарыя облусуна жакын, ал жерде эки өлкөгө орток базар бар.

Amu.tv жазгандай, "Адеп-ахлак полициясынын" бул тыюусу тууралуу жергиликтүү ишкерлер айтып беришкен. Алардын сөзүнө караганда, мындай чектөө кардарлардын санын кыскартып, чектеш аймактагы экономикалык ишмердүүлүккө терс таасирин тийгизүүдө.

"Мурда биздин негизги кардарларыбыз түгөйлөр жана аялдар болчу, эми кыз-келиндердин келүүсүнө тыюу салынгандан бери соода кескин солгундады", - деп айткан ооган соодагери.

"Талибан" кыймылынын жетекчилиги бул чектөөлөр тууралуу маалымат же комментарий берген жок.
Ооганстан менен Өзбекстандын ортосундагы "Термез" соода борбору 2022-жылы декабрда ачылган. Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен базарга эркин экономикалык аймак макамы берилген. Анда 400дөй дүкөн, медициналык борбор, ресторан, өндүрүш жана логистикалык борборлор бар. Аталган базарга Ооганстандын жарандары визасыз кирип, 15 күн жүрө алышат.

Былтыр Ооганстандын Atlaspress басылмасы талибдер өзбек бийлигинен "Термез" соода борборунда музыка ойнотпоону суранганын жазган. Эгер талап аткарылбаса, оогандарга ал жакка барууга уруксат берилбей турганын да билдирген.


Талибдер Ооганстанда бийликке 2021-жылы, августта келишкен. Алар аялдардын укуктарын сактоону убада кылышып, бирок аны аткарышкан жок. 20 жыл иштеп турган Аялдар иши боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектепте жана жогорку окуу жайларда билим алуусуна, бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө, спорт менен машыгуусуна тыюу салынды. Теле алып баруучуларга хижаб менен гана эфирге чыгууга уруксат берилген.

Былтыртан тарта аялдарга көчөгө эркектердин коштоосунда гана чыгууга уруксат берилип, коомдук жайларда үндү чыгарып сүйлөшүнө тыюу салынган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus