Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда 84 миң гектар жерди чегиртке каптады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 84 миң гектар аянтты зыянкечтер каптаганын билдирди. Анын 74 миң гектарына дары себилген.
Мекеме чегирткенин бар-жогун аныктоо үчүн 114 миң гектардан ашуун айыл чарба жерлери изилдегенин билдирди.
Учурда чегирткелерди жок кылуу иштери Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас, Чүй жана Нарын облустарында уланууда.
Бишкек шаарынын тургундарынан да зыянкечтер каптаганы боюнча билдирүүлөр түшүп, текшере келгенде зыяндуу эмес экенин белгилүү болгон.
“Бишкек шаарынын аймагында адистер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, аныкталган зыянкеч – жөнөкөй чегирткелер түркүмүнө кирген Platycleis Fieber экени аныкталды. Алар адамдын ден соолугуна жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирбейт”, - деп айтылат маалыматта.
Министрлик үйүрлүү чегиртке каптаганын учурда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине кайрылуусу керектиги белдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда эгин талааларын чегиртке каптаганы тартылган видеолор жарыяланып, дыйкандар тиешелүү мекемелерден чара көрүүнү суранган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда үйүрлүү жана үйүрлүү эмес чегирткенин 50дөн ашык түрү байырлайт. Зыянкечтердин жапырт каптоосу ар бир 8-11 жылда бир кайталанып турат.

Кыргызстанда 1980-жылы – 570 миң гектар, 1989-жылы – 160 миң гектар, 2008-жылы – 157 миң гектар жана 2018-жылы – 146, миң гектар жерди чегиртке каптаган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus