Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Экономика министрлиги жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык системасын киргизет

Экономика жана коммерция министрлиги жеке жактар үчүн бирдиктүү салык системасын киргизүү үчүн пилоттук долбоор даярдап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мекеменин маалыматында учурда салык төлөөчү отчётту катталган жерине, мүлкүнүн жайгашкан аймагына жараша салыкты бир канча мекемеге төлөп жатканы жазылган. Салык кызматынын порталы аркылуу төлөөдө жеке жактар туура эмес толтуруп, акчасы кабыл алынганы менен маалымкаттарын албай, нааразылыктар жаралууда.

“Бирдиктүү салык эсеби Бирдиктүү салык төлөмү менен толукталат. Бирдиктүү салык төлөмүн төлөө үчүн эки маалымдарек – төлөмдүн суммасы жана салык төлөөчүнүн салык номуру колдонулат. Андан ары жеке жактын Бирдиктүү салык эсебине төлөнгөн суммалар салык отчеттору, мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер боюнча салык органы тарабынан автоматташтырылган режимде салык милдеттенмесинин эсебине чегерилет”, - деп жазылган министрликтин түшүндүрмөсүндө.

Мындай долбоор президент Садыр Жапаровдун “Дордойдун” базарларында жана кичи базарларында салыктык администрациялоо жана Бирдиктүү салык эсебин киргизүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө чыгарган жарлыгын ишке ашыруу үчүн даярдалды. Жарлыкка ылайык, базар администрациясы 15-марттан баштап беш ай бою салык агентинин милдетин аткара баштаган. 1-июндан 31-августка чейин “Дордойдогу” жеке ишкерлер үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизилүүгө тийиш болгон.

Бул пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча 1-октябрга чейин “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүгө милдеттүү. Аталган мыйзам долбооруна салык агентинин укук, милдет жана жоопкерчилиги камтылып, жеке жактарга Бирдиктүү салык эсеби киргизилиши керек.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus