Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ташкенттеги форумда Орусиянын вице-премьери сүйлөгөндө Батыштын өкүлдөрү залдан чыгып кетти

Ташкентте Инвестициялык форумдун пленардык жыйыны учурунда орус өкмөтүнүн төрага орун басары Александр Новак сөз сүйлөгөндө АКШнын жана Европанын 50 чакты өкүлү залдан чыгып кетти. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы ("Озодлик") булактарга, анын ичинде аты аталбаган европалык дипломатка шилтеме менен кабарлады.

Шаршембиде иш-чараны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ачкандан кийин пленардык жыйын башталмак. Маалыматка караганда, аны CNN Business берүүсүнүн башкы редактору Ричард Квест алып бармак, бирок кабарчы залга киргени менен модераторлук кылган эмес. Радионун булактары "ал, сыягы, орусиялык аткаминердин сөз сүйлөрүн билген эмес" деп айтып беришкен.

Европалык дипломат окуяны "саясий демарш" деп атады. Анын маалыматында, Новак сөзүн Владимир Путин жолдогон саламдан баштаган.

"Ал сүйлөп баштаганда эле АКШнын, Еврошаркеттин көпчүлүк өлкөлөрүнүн саясий жана бизнес өкүлдөрү нааразылык иретинде залдан чыгып кетишти. Мен америкалык, британиялык, польшалык, латвиялык жана литвалык делегациялар кетип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Орусиялык аткаминердин катышуусуна каршы нааразылыгын бери дегенде 50 киши билдирди", - деп айтып берди "Озодликтин" булагы.

Форумдун жыйындары Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин Ютуб-каналында көргөзүлүп турат. Бирок иш-чаранын расмий ачылышы жана пленардык жыйындын видеосу тартууланган жок.

Өткөн жылы Ричард Квест форумда модератор болгон. Бирок ал жолу Путиндин жардамчысы Максим Орешкин жетектеген делегациянын өкүлдөрү сөз сүйлөгөн эмес.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus