Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Косово АКШ чыгарган мигранттарды “убактылуу” кабыл алууга даяр

Жарым-жартылай таанылган Косово Республикасынын убактылуу өкмөтү АКШдан депортацияланган мигранттарды “убактылуу негизде” кабыл алууга даяр экенин билдирди.

11-июнда өкмөттүн басма сөз катчысы Перпарим Криезиу бул иштин алкагында бир жылдын ичинде 50гө чейин адам Косоводо убактылуу жайгаштырылышы мүмкүн экенин ырастады. Анын айтымында, бул иш АКШдан депортацияланган мигранттарды үчүнчү өлкөгө жайгаштыруу максатынын алкагында ишке ашат жана андай адамдар кийин түпкү мекенине жеткирилет.

Вашингтон өткөн аптада депортациялык саясатты кеңейтүү аракетинде Балкан өлкөлөрү менен байланышып жатканын билдирген. 5-июнда Bloomberg агенттиги Трамп администрациясы Сербия жана башка Балкан өлкөлөрүнө басым жасап, АКШдан чыгарылган мигранттарды кабыл алууга көндүрүп жатканын жазган. Өткөн айда Кошмо Штаттардын Жогорку соту өкмөткө Венесуэла, Гаити, Куба жана Никарагуанын жүз миңдеген мигранттарынын убактылуу мыйзамдуу статусун жокко чыгарууга уруксат берген.

Европадагы эң жакыр мамлекеттердин бири саналган Косоводо мигранттарды жайгаштыруу маселеси акыркы айларда кызуу талкууга түштү. Өкмөт бул демилгеден киреше табууга үмүт артса, укук коргоочулар анын терс кесепеттерин белгилешкен.

Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия тааныбайт.

Косовонун 1,6 миллиондой калкынын 92% албандар, 6% жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуулук кылат. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus