Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Маск Трамп тууралуу жазган "айрым билдирүүлөрүнө" өкүнүчүн билдирди

Америкалык мультимиллиардер Илон Маск өзүнүн X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп тууралуу жарыялаган айрым посттору үчүн өкүнөрүн айтты.

"Айрым билдирүүлөрүм чектен чыгып кетти", – деп жазды Маск. Бул билдирүүсүнө АКШ лидерин дагы белгилеп койгон.

АКШ президенти Дональд Трамп менен анын тарапташы болуп келген Илон Масктын ачык кайым айтышуусу өткөн аптада башталган. Маск Трамп сунуштаган бюджет тууралуу мыйзамга каршы пикирин билдирип чыккан.

Трамп мамлекеттик чыгымды кыскартуу тууралуу мыйзамды сындап чыкканы үчүн Масктан "көңүлү калганын" айткан. Ал Маск АКШда электромобилдерге мамлекеттен берилүүчү субсидия кыскарып жатканына нааразы экенин, себеби андай каржылык жеңилдик анын компанияларына пайдалуу болуп келгенин белгилеген.

Ошондон кийин Маск өтө ачууланып, Х социалдык түйүнүнө бул мыйзамга каршы бир нече твит жарыялады, Трамптын субсидия тууралуу айтканын "карандай калп" деп атады жана аны башка да иштерге айыптады.

Алардын ачык кайым айтышуусу экөөнүн тең компанияларынын акцияларынын курсу төмөндөп кетишине алып келген.

Маск Трамптын шайлоо өнөктүгүнө 250 млн доллардан ашуун каражатын коротконун билдирген, кийин ал президент болуп келгенден кийин анын администрациясында жаңы ачылган өкмөттүн ишинин натыйжалуулугу боюнча департаментти жетектеген. Жакында ал кызматын тапшырып, Трамптын ыраазычылыгын алып кеткен. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus