Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тажикстанда өмүр бою эркинен ажыратылган адам абакта каза болду

Тажикстанда өмүр бою эркинен ажыратылган Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургуну 35 жаштагы Аслан Гулобов 9-июнь күнү кечинде абакта көз жумду. "Озоди" радиосу өздүк булактарына таянып жазгандай, маркум ашказанынан катуу кан кетип каза болгон.

Маркумдун өлүмү тууралуу алгач маалыматты Европада жашаган тажик журналисти Анора Саркорова өзүнүн Facebook баракчасына жазган. Анын айтымында, Гулобов көп жолу ден-соолугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, өз убагында медициналык жардам алган эмес.

Гулобовдун жакындары журналисттерге анын абалы акыркы эки айда кескин начарлаганын жана алардын медициналык жардам көрсөтүү тууралуу өтүнүчтөрү канааттандырылбаганын айтып беришти.

Журналисттердин ал кармалган абактын администрациясынан расмий комментарий алуу аракетинен майнап чыккан эмес.

2022-жылы Аслан Гулобов Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик комитеттин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Абдулло Назаровду өлтүрүүгө катыштыгы бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Назаров 2012-жылы киши колдуу болгон. Гулобов жана башка бул иш боюнча айыпталгандардын соттук отурумдары жабык эшик артында өткөн. Алардын бири да күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Тажикстанда 2022-жылы май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке нааразылык толкунун басуу учурунда расмий маалыматтар боюнча кеминде 16 киши набыт болгон. “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттери 34 адам өлгөнүн тактаган. Окуяга байланыштуу Жогорку Сот беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Жүздөгөн кишилер камалган. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus