Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркмөнстан АКШнын түркмөн жарандарына карата чектөөсүнө тынчсыздануусун билдирди

АКШнын түркмөн жарандарына карата жарым-жартылай кирүү чектөөсүн киргизгенине байланыштуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү таратты. Мекеме АКШнын соңку чектөөсүн "шашылыш кадам катары" сыпаттады.

Министрликтин билдирүүсүндө АКШнын мындай чечими негизсиз экени, мындай чектөөлөр олуттуу укук бузуулар болгондо гана киргизилери белгиленген.

"АКШга барган түркмөн жарандары мыйзамдарды так сактоосу менен айырмаланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин билдирүүсүндө айтылгандай, Түркмөнстан нейтралдуу мамлекет катары эл аралык миграция жаатындагы нормаларды так сактайт. Ошондой эле Түркмөнстан башка өлкөлөрдүн жарандарынын кирип-чыгуу маселесине мыйзамдык негизде көзөмөл жүргүзөрү белгиленген.

4-июнда АКШ президенти Дональд Трамп Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын 12 өлкөсүнүн жарандарына 9-июндан тартып Кошмо Штаттардын аймагына кирүүгө тыюу салган, андан сырткары жети өлкөнүн жарандарына чектөө киргизген жарлыкка кол койгон. Түркмөнстан Кошмо Штаттарга кирүүгө жарым-жартылай чектөө киргизилген өлкөлөрдүн катарында.

Трамп жарлыгынын максаты тууралуу билдирүүсүндө АКШга визаны кандай жол менен алганын текшерүү оңой эмес болгон же мөөнөтү өтүп кеткен виза менен жашап жүргөн жарандардын өлкөлөрүнө карата ушундай чара көрүлгөнүн, анткени алар Кошмо Штаттардын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч жаратарын айткан.

Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын бири болгон. Трамп президенттикке келген биринчи күнү, 20-январда эле Мексика менен чек арада өзгөчө абал киргизген. Жүздөгөн мигрант депортация болгон. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus