Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Садыр Жапаров 2030-жылга чейин ИДӨсү 30 млрд доллардан ашуусу керектигин билдирди

Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыгы тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоду. 11-июнда мамлекет башчынын баракчасына чыккан билдирүүдө программанын максаты жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, дүйнөлүк чакырыктарга, атаандаштыкка туруштук берүү экени жазылган.

Негизги төрт тармактын бири – индустриялашуу аркылуу экспортко ылайыкташкан өнөр жайын калыптандыруу каралган. Экинчи тармак – “Региондук хаб”. Мында Кыргызстанды Кытай, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жана Борбордук, Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ордосунда транзиттик жана логистикалык борборго айландыруу керектигы жазылган. Калган эки багытта айыл чарба, туризм жана “жашыл энергетика” белгиленген.

Программада 2030-жылга чейин ички дүң өнүмдү (ИДӨ) кеминде 30 миллиард долларга жеткирүү, жан башына ИДӨнү 4,5 миң долларга көтөрүү, реалдуу экономикалык өсүштү 8% кем эмес кармоо белгиленген. Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү максаты коюлган.

“2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында жетишилген олуттуу өнүгүүдөн кийин, биз жаңы деңгээлге өтүп жатабыз. 2030-жылга чейин өнүгүү программасы менен биз ылдамдыкты арттырып, дымактарды кеңейтип, мамлекеттик ресурсту реалдуу, эл сезе турган натыйжаларга багыттайбыз. Мамлекеттик иштин жемиштери кагаз жүзүндө эмес, элдин күнүмдүк жашоосундагы өзгөрүүлөр аркылуу көрүнүшү керек”, - деп жазган президент.

Ал улуттук программаны ишке ашыруу мамлекеттик системанын бардык мүчөлөрүнүн милдети экенин белгилеген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus