Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстанда паранжа менен никаб кийүүгө тыюу салуу сунушталды

Казакстан парламентинин жогорку палатасы "Бузууларды алдын алуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунуштады. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык коомдук жайларда паранжа, никаб жана бетти толугу менен жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө бир гана медициналык муктаждык, жарандык коргонуу, мыйзам талабы, катаал аба ырайынын шарттары же спорттук жана маданий иш-чаралар учурунда гана бетти жапкан кийим кийүүгө уруксат берилери белгиленген.

Президент Касым-Жомарт Токаев быйыл март айында өткөн Улуттук курултайдын жыйынында бети жабылган кара кийимдердин ордуна улуттук стилдеги кийимдерди жайылтуу зарылдыгын белгилеген.

"Жүздү жаап турган кара кийимдердин ордуна улуттук стилиндеги кийимдерди кийүү алда канча туура. Биздин улуттук кийим этникалык өзгөчөлүктү көрсөтөт",- деген ал.

Казакстандын Конституциясына ылайык, өлкө демократиялык, светтик жана укуктук мамлекет болуп эсептелет. Баш мыйзам жарандарга дин тутуу эркиндигин кепилдейт.

Кыргызстандын президенти быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus