Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстанда психдиспансерде кыздарды зордуктаган санитарлар соттолду

Казакстандын Шымкент шаарынын соту Түркстан облустук психикалык саламаттык борборунун эки санитарын сексуалдык зомбулук иши боюнча 15 жылга эркинен ажыратты.

Соттун маалыматына ылайык, 33 жаштагы Нурбек Даржанов менен 43 жаштагы Нурлан Дүйсөбаев Казакстандын Жазык кодексинин 120-беренеси ("Зордуктоо") боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот аларга жашы жете электер менен жана педагогикалык кызматтарда иштөөгө тыюу салды.

Маалыматка караганда, айыпталгандар былтыр ноябрь айында камакка алынган.

Сот жараяны жабык өтүп, судья айыпталуучуларга жана алардын жакындарына өкүм чыгаруу учурунда өздөрүн сүрөткө, видеого тартууга тыюу салды. Журналисттер сот өкүмдү угузуп жатканда жабырлануучулар көз жашын тыя албай укканын жазышты.

Айыпталуучулар соттун өкүмүнө комментарий беришкен жок. Алардын жакындары жана жактоочулары өкүмгө макул эместигин, адилетсиз чечим болгонун айтып, аппеляциялык арыз менен кайрыла тургандыктарын билдиришти.

Былтыр Казакстанда Психикалык саламаттык борборунда дарыланып жаткан эки кыз "мекеменин кызматкерлеринин зордуктоосуна" кабылганын айтышкан. Алардын бири Гүлим 2024-жылы жайында аталган борбордо 20 күндүк дарылоо курсун өткөн.

Экинчиси үч жылдан бери Түркистан облустук Психикалык саламаттык борборунда каттоодо турган 17 жаштагы Асем. Дарыгерлер ага "шизофрения" деген диагноз коюшкан. Асем зордуктоодон кийин боюна бүтүп, аборт жасатканы белгилүү болгон.

Түркистан облустук Психикалык саламаттык борбору 740 бейтапка эсептелген. Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынан "Азаттыктын" казак кызматына кабарлашкандай, буга чейин аталган ооруканада зордуктоо окуясы катталган эмес. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus