Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Футбол: Кыргызстан менен БАЭ тең чыкты

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол боюнча улуттук курама командаларынын Бишкектеги беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Оюн 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп, Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-айлампасынын жыйынтыктоочу беттеши болду.

Беттештин 30-мүнөтүндө Бириккен Араб Эмираттарынын оюнчусу Кареб Абдулла эсепти ачты. Оюн бүтөрүнө саналуу гана убакыт калганда Кыргызстандын чабуулчусу Кай Мерк эсепти теңеди (90+5).

Ушуну менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо оюндарын жыйынтыктады.

3-айлампада Кыргызстан Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Түндүк Корея менен А тайпасына бөлүнгөн. Бул тайпада Иран менен Өзбекстан Дүйнө чемпионатына түз жолдомо алышты. Иран 23 упай, Өзбекстан 21 упай топтоду.

Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 15 упай, Катар 13 упай жыйнап, Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо оюндарынын 4-айлампасына чыгышты. 8 упай алган Кыргызстан менен 3 упай топтогон Түндүк Корея 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынан четтеди.

Кыргыз футболчулары алты оюнда утулуп, 2 оюнда жеңишке жетип, эки оюнда тең чыкты.

Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо оюндарында 2023-жылы 2-айлампадан баштап ойноп, тайпада Омандан кийин 2-орунду алып, алгачкы жолу 3-айлампадагы тандоо баскычына өткөн. Аны менен кошо кыргыз футболчулары 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык баскычына да жолдомо алган.

2026-жылы АКШда, Мексикада жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

2023-жылы 5-сентябрда башталып, бүгүн 10-июнда жыйынтыктала турган 3-айлампадагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама тандалып, алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар ар бир өлкөнүн өзүндө же атаандаш команданын мекенинде өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомону камсыздайт. 4-5-айлампадагы тандоо оюндары быйылкы жылдын ноябрь айына чейин созулат. (ECh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus