Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Министрлер кабинети бейтаптар үчүн бөйрөктү алмаштыруунун тартибин бекитти

Министрлер кабинети бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу жөнүндө токтом кабыл алды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Анын негизинде бөйрөктү алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби бекитилди. Ошондой эле бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси токтомдун тиркемесине ылайык аныкталды.

Бөйрөк алмаштыруу операциялары Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Кыргыз-Түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасында, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Медициналык борбордо жүргүзүлөт.

Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргызстандын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат. Каражаттар Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду аркылуу каржыланат.

Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында биринчи бөйрөк алмаштыруу операциялары 2023-жылдын август айында жасала башталган.

Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо операциясы 2024-жылдан бери мамлекет эсебинен жүрүп жатат. Жаңы мыйзамга ылайык, былтыр аталаш туугандарга, чоң ата, чоң энеге да донор болууга уруксат берилген.

Учурда өлкөдө өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 3300дөй бейтап гемодиализ алат. Аларга мамлекеттик дагы, жеке медициналык мекемелер дагы кызмат көрсөтөт. Гемодиализ үчүн казынадан 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бир бейтаптын чыгымы жылына 936 миң сомду (бир сеанстын баасы 6500 сом) түзөт.

Дарыгерлер трансплантация операциялары диализге караганда арзан түшөрүн белгилешет. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus