Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөрдү үч айга чейин камакка алууну сунуштады

10-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору биринчи окууда каралды.
Юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу долбоордо үй-бүлөлүк зомбулукка барган кишилерди электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен байкоого алуу чаралары каралганын белгиледи. Ал ошондой эле зомбулук кылган кишини административдик камакка алуунун мөөнөтүн 5 күндөн 14 күнгө чейин узартылып жатканын айтты.
Депутат Гуля Кожокулова зомбулук күчөп жатканын белгилеп, камакка алуу мөөнөтүн дагы узартууну сунуштады:
“Үй-бүлөлүк зомбулуктар көп катталып жатат. Акыркы үрөй учурган окуялар кырдаал дагы да оор экенин көрсөттү. Ушундай шартта жоопкерчиликти, жазаны күчөтүү керек. Азыр эми ошол 14 күн эмне берет? Эмнеге 5 күндөн 15 күнгө чейин эле узартып жатабыз? Чынын айтсак, бул убакытта зомбулук кылган киши соолугуп, акылына да келип үлгүрбөйт. Балким, бир ай, болбосо үч айга чейин камакка алуу чарасын киргизебиз. Адам ошондо чындап акылына келет. Ошондо бул чаранын тарбиялык мааниси жемиштүү болот”, – деди Кожокулова.
Юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу депутаттын сунушун кийинки окууларга чейин дагы талкуулап көрсө болорун билдирди.
Талкуу маалында депутат Карим Ханжеза 14 суткалык камакка алуу жетиштүү экенин айтса, эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев жаза чара катары зомбулук көрсөткөн кишиге айып пул салууну караштырып көрүү керектигин кеп кылды.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 2025-жылдын алгачкы төрт айында 4685 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, 4574 кишиге коргоо ордери берилгенин айтты.
26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин Айзирек аттуу келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган. Ички иштер министрлиги анын куралы буга чейин каттоого, текшерүүгө алынбаганын ырастап, буга байланыштуу айрым милиция кызматкерлери жазалаганын жарыялады. Маркумдун артында беш баласы калды.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus